Өзбекстанда мектеп, лицей жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн кышкы каникул 17-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министрлиги билдирди.
Кышкы эс алуу 9-январга чейин белгиленген. Бирок 10-15-январда катуу суук болору күтүлүп жатканына байланыштуу каникул узартылды.
Өлкөнүн бала бакчаларында 10-18-январь аралыгында кезектен тыш дем алыш жарыяланды.
Ушул эле убакытта Кыргызстанда да катуу суук болушу күтүлүүдө. Бирок азырынча Билим бериүү жана илим министрлигинин бул тууралуу маалымат бериле элек.