Суббота, 4 мая

Президент христиандарды майрамы менен куттуктады

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Өлкө башчысынын куттуктоо сөзүн анын маалымат кызматы жарыялады.

“Эгемендүүлүк алган отуз жылдан ашык убакытта көп улуттуу жана көп конфессиялуу элибиздин күчү менен мамлекеттүүлүгүбүз бекемделди. “Кыргыз жараны” деп аталган жарандык иденттүүлүк түзүү жолунда бирдиктүү жана күчтүү коомчулукка айланабыз деп ишенем”, — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

нын айтымында, православ чиркөөсү ислам жана башка конфессиялар менен бирге жарандарыбыздын мүнөзүн калыптандырууда маанилүү роль ойноп келет. Ал эми бүгүнкү күндө ал биздин коомдук жыргалчылык, кайрымдуулук жана билим берүү иштеринде ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат.

Өлкө башчысы Рождество майрамы ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, береке жана сүйүү алып келишин каалап, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендигин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз