Суббота, 4 мая

Ислам Кызматташтык Уюму шашылыш жыйын өткөрөт

0

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Израилдин Аль-Акса мечитиндеги мыйзам бузууларын талкуулоо үчүн шейшемби күнү кезексиз жыйын өткөрөт.

ИКУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Израилдин Кудустагы чыңалууну күчөтүшүнө байланыштуу жана “Аль-Акса” мечитине кайра-кайра кирип барууларынан кийин кезексиз жыйынга чечим чыгарылганы белгиленди.

Ушул максатта шейшемби күнү ИКУнун Башкы катчылыгы Аткаруу комитетин чакыра тургандыгы кабарланган.

Билдирүүдө, “Аль-Акса” мечити дуушар болгон эң маанилүү мыйзам бузуунун Израилдин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин 3-январдагы кирип баруусу экени белгиленди.

Билдирүүдө Бен-Гвирдин кирип баруусунун Израилдин “Аль-Акса” мечитинин тарыхый жана укуктук статусун өзгөртүү аракетинин бир бөлүгү экени баса белгиленди.

Чагымчыл аракеттери менен белгилүү болгон Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир 3-январда Израиль полициясынын катуу коргоосу астында “Аль-Акса” мечитин тинтүүгө алды.

Палестиналыктарга карата расисттик жана дискриминациячыл саясаттары менен белгилүү болгон Жөөттүн Күчү партиясынын лидери Бен-Гвир беш жылдан кийин “Аль-Акса” мечитине кирген Израилдин биринчи министри болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз