Вторник, 7 мая

Армения чын эле ЖККУдан чыгабы?

0

Быйыл Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгууларын Арменияда өткөрүү максатка ылайыксыз. Мындай пикирин аталган өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян айтты.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында 2023-жылы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрү башка өлкөлөрдүн улуттук армиясы менен биргеликте машыгууларды өткөрүүнү пландаганын билдирген. ЖККУнун тынчтыкты орнотуучулар контингентинин биргелешкен «Боордоштук» аталышындагы машыгуулары Арменияда өтмөк.

«Менимче, азыркы айткандарым жөн гана эске салуу болот. Анткени Коргоо министрлиги буга чейин ЖККУнун Бириккен штабына республиканын аймагында жаралган жагдайда машыгууларды өткөрүү максатка ылайыксыз экенин айтып кайрылган. Армениядагы бул окуулар быйыл өткөрүлбөйт», — деген Пашинян.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз