Суббота, 4 мая

Кыш ызгаары эми келди Кыргызстанга (Видео)

0

Катаал аба ырайына байланыштуу Ак-Суу районунун Советское, Соколовка жана Ак-Булуң айылдарынын жанындагы автожолдордун айрым тилкелеринде кар күрткүлөрү орун алууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

“Жолдорду тазалоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, шамал карды жолдорго үйлөп, кар күрткүсүн пайда кылууда.

Буга байланыштуу Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБ айдоочуларды аталган багыт боюнча жана калктуу пункттардын чегинен тышкары жерлерге өтө зарыл болбосо, жол жүрбөөгө чакырат”, — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү айдоочуларга жол эрежесин так сактоону жана жолдо өтө этият болууну эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз