Пятница, 20 сентября

Пакистан да ФЕТОну терористтик уюм деп тааныды

0

Пакистан мамлекети ФЕТОну (Фетхуллах Гюлен терористтик уюму) тыйуу салынган уюмдардын тизмесине кошту.

Пакистандын Ички иштер министирлиги ФЕТОго таандык деилген Пак-Түрк Эл аралык билим берүү фондун терористтик уюм катары таанып, фонддун бардык мүлкүн Туркиянын Маариф фондуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Министирлик ФЕТОго таандык Пак-Түрк Эл аралык билим берүү фондун 2019-жылдын 18-апрелинен баштап терористтик уюмдундардын тизмесине кошкон документти жарыялады.

Пакистандын Конституциялык Соту 2018-жылдын декабрь айында ФЕТОнун терористтик уюм экендиги жана ага тиешелүү болгон 28 мектептин Туркия Маариф фондуна өткөрүлүп берилиши боюнча чечим чыгарган болчу.

Туркия Маариф фонду январь айында алгач Исламабаддагы Пак-Түрк фондунун борбордук кампусун, андан соң уюмдун эң көп окуу жайлары жайгашкан Пенжаптагы мектептерди өзүнө өткөрүп алган болчу. Ал эми январь айында Хайбер Пахтунхва жана Синдхдеги мектептерди, андан соң Белуджистандагы мектептерди өз көзөмөлүнө алуу менен Маариф фонду Пакистандагы ФЕТОго таандык баардык мектептерди өзүнө өткөрүп алды. Өлкөдөгү мектептерин кайра кайтарып алуу үчүн ФЕТОнун берген арызын Пакистан соту четке какты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз