Пятница, 20 сентября

Мадуро: мамлекеттик төңкөрүшкө тиешеси барлар жазаланат

0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро мамлекеттик төңкөрүшкө аракет болгондон кийин биринчи жолу телевизорго чыгып сүйлөдү. Ал төңкөрүш жасоого тиешеси барлар жазаланаарын айтты.

Мадуро генпрокуратурага 30-апрелдеги төңкөрүш жасоо аракетинде болгондордун мыйзамсыз иш аракеттерин иликтөө талабы менен кайрылганын билдирди жана 3 прокурор төңкөрүш жасоого тиешеси бар делгендерди сурака алып жаткандыгын айтты.

Ошондой эле Мадуро өлкө армиясына жана өз элине президентке берилгендик менен колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди.

Мадуронун айтуусу боюнча мамлекеттик төңкөрүштү мурунку оппозициячыл саясатчы Леопольдо Лопез уюштурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз