Суббота, 4 мая

Кумар оюндарынын салыгын азайтуу сунушталууда

0

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Оюн ишмердүүлүгүнө салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө” токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу Финансылык көзөмөлдүн сайтында маалымдалды.

Долбоордун негизги максаты – кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөндөтүү.

Долбоордо төмөнкүдөй салык ставкаларын белгилөө сунушталат:

1 оюн столу (1 флот) казино үчүн:

2022-жылы — 450 миң сом (азыр 750 миң сом);

2023-жылы — 600 миң сом (азыр 1 млн. сом);

2024-жылдан баштап — 750 миң сом (азыр 1 млн 250 миң сом);

оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн автоматы үчүн:

2022-жылы — 10 миң сом (азыр 50 миң сом);

2024-жылы — 15 000 сом (азыр 75 000 сом);

2024-жылдан баштап — 20 000 сом (азыр 100 000 сом).

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз