Четверг, 25 апреля

Муйлуу-Сууда абал оор (Видео)

0

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-январда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, кырдалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлган.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматова көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн “КамАЗ” жана “Зил-131” өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан.

Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, бүгүн 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз