Воскресенье, 5 мая

Өзбек элинин саны 36 миллиондон ашты

0

Өзбекстандын калкынын саны 1-январдан тарта 36 миллион 24 миң 946га жетти.

Өзбекстан мамлекеттик статистика агенттигинен берилген маалыматта 2022–жылы 1-январда 35 миллион 271 миң 346 болгон калкынын саны 2023-жыл 1-январдан тарта 36 миллион 42 миң 946га жеткендиги билдирилди.

Маалым болгондой, өлкө калкынын 18 миллион 335,7 миңи шаарларда, 17 миллион 689,2 миңи айыл жеринде жашайт.

Билдирүүдө калктын 18 миллион 128 миң 578и эркектер, 17 миллион 896 миң 368и аялдар экени айтылды.

Өзбекстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде “калкы эң жаш жана тез өсүп жаткан өлкө” позициясында турат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз