Четверг, 25 апреля

Түркия бюджеттик негизде студенттерди кабыл алат

0

«Түркия Стипендиялары 2023» программасына каттоо 2023-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бул Түркия тарабынан кыргызстандыктарга бюджеттик негизде билим алууга мүмкүнчүлүк берген программа. Анда Түркиянын жогорку окуу жайларынан бакалавр, магистратура жана Phd докторантура багыттарында бекер билим алууга болот.

Министрлик «Түркия Стипендиялары 2023» программасына каттоо бир гана https://www.turkiyeburslari.gov.tr/ сайты аркылуу жүргүзүлөрүн эскертти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз