Суббота, 18 мая

Дакар Раллиcинин жеңүүчүлөрү белгилүү болду

0

2023-жылдагы Дакар раллисинде автомобиль категориясында катарлык Насер Аль-Аттия, мотоцикл классында аргентиналык Кевин Бенавидес жеңишке жетти.

Сауд Аравияда өткөрүлгөн 45-Дакар раллиси Хуфуф жана Даммам шаарларынын ортосундагы 136 километрлик трассада 14-этап менен аяктады.

Автомобил классында 1 саат 9 мүнөт 24 секунда көрсөткүчү менен биринчи орунду GCK командасынан француз Герлен Чичерит ээледи.

Жалпы классификацияда 1 саат 21 мүнөттүк артыкчылык менен кирген этапты 1 саат 15 мүнөт 5 секунда менен 8-орунда  бүтүргөн Toyota Gazoo унаасынын айдоочусу Насер Аль-Аттия чемпиондукка жетишти. Ал-Аттия Дакар раллиде жалпы 45 саат 3 мүнөт 15 секунда менен 5-ирет чемпион болду.

Раллиде Аль-Аттиядан 1 саат 20 мүнөт 49 секундга артта калган франциялык Себастьян Лоеб (Бахрейн Рейд) экинчи, ал эми чемпиондон 1 саат 38 мүнөт 31 секундга артта калган бразилиялык Лукас Мораес (Overdrive Racing) үчүнчү орунду ээледи.

Red Bull KTM Factory компаниясынын айдоочусу аргентиналык Кевин Бенавидес мотоцикл категориясында 1 саат 15 мүнөт 17 секунда менен финалдык баскычта жеңишке жетти.

Бенавидес жалпы классификацияда 44 саат 27 мүнөт 20 секунда менен карьерасында экинчи Дакар Ралли чемпиондугуна жетти.

Раллиде анын командалашы австралиялык Тоби Прайс Бенавидестен 43 секунд артта келип экинчиликти, чемпиондон 5 мүнөт 4 секунд артта калган америкалык Скайлер Хауэс (Хускварна) үчүнчү орунду ээледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз