Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты жылуулук, электроэнергия жана суу менен камсыз кылуу маселелери каралып жатат. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди.
Энергетика министри Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү киргизилгенин мойнуна алып, 1-1,5 саатка электр жарыгы өчүрүлбөсө, трансформаторлор иштен чыгышы мүмкүн экенин белгиледи. Министрлик өлкөнүн аймактары боюнча электр энергиясын өчүрүү графигин жарыялады.