Понедельник, 13 мая

АКШ “Абрамс”, Германия “Леопард” танктарын Украинага жөнөтөт

0

Германиянын канцлери Олаф Шольцтун «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Украинага Абрамс үлгүсүндөгү согуштук танктарды жөнөтсө биз да бул өлкөгө Леопард танктарын жеткиребиз» деп шарт койгону айтылды.

«Зюддойче зайтунг» гезитинин кабарында Олаф Шольцтун шейшемби күнү АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, эгер АКШ Украинага Абрамс тибиндеги согуштук танктарды жөнөтсө, өздөрү да бул өлкөгө Леопард танктарын жеткире аларын билдиргени маалымдалды.

Кабарда Шольцдун сүйлөшүүдө бул шартты айтканы менен Байдендин эч кандай убада кылбаганы баса белгиленди.

Krauss-Maffei Wegmann компаниясы ушул убакка чейин 3600гө жакын «Леопард-2» танктарын чыгарып, көптөгөн өлкөлөргө тапшырды.

Немис армиясында 300гө жакын Леопард танкы бар экени айтылууда.

Бир өлкөнүн өзүнүн өзүнүн инвентарындагы Леопард танкын башка өлкөгө берүүсү үчүн Германиянын уруксаты керек.

Болжол менен 2 апта мурун Германия Украинага 40 даана Мардер бронетехникасын берерин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз