Жогорку кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеңеште Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушун көтөрүп чыгышты.
Бул жылы өлкө аймагында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Саясий ишмердин кичи мекени Нарында Усубалиевдин ысымы аянтка, Кочкордо гүлбакчага берилгенин айткан депутат Жыргалбек Турускулов, Киев же Москва көчөлөрүнүн бирине да Усубалиевдин ысмынын берилиши сунушталганын, бирок Турдакун Усубалиевдин туугандарынын буга каршы болушканын, алар мораторийди сыйлай тургандыктарын айтышканын кошумчалады.