Венесуэланын тышкы иштер министири Хорхе Арреаза Режеп Таййип Эрдоганга өлкөсүндөгү төңкөрүш аракетине каршы көрсөткөн чечкиндүү жана ачык колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтты.
Хорхе Арреаза, Түркиянын Президенти Эрдогандын Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптаган билдирүүлөрүн социалдык медиа барагынан бөлүшүп, «Президент Эрдоганга эл аралык укукка жана тынчтыккка көрсөткөн чечкиндүү жана ачык колдоосу, ошондой эле Венесуэладагы демократияга көрсөткөн урмат-сыйы үчүн ырахмат айтабыз» — деп жазды.
Мурдараак Эрдоган: «Бул өлкөдө элдин эгемен экенин баса белгилейбиз. Венесуэлага постмодерн колониалдык губернатор дайындоо аракетинде болгондор билип коюшсун, өлкөнүн кантип башкарыла турганы демократиялык шайлоо аркылуу аныкталат. Төңкөрүштөр менен күрөшкөн өлкө катары Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптайбыз» — деп айткан болчу.