Пятница, 10 мая

Министрлик соттон «Азаттыкка» тыйуу салууну суранууда

0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу министрликтин «Азаттыкка» жөнөткөн маалымкатында айтылат.

Катта сотко мекеме качан кайрылган датасы көрсөтүлгөн эмес.

Сотко жолдогон доо арызында министрлик былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз