Вторник, 21 мая

Орусия Кыргызстанда 9 мектеп куруп, жетекчилерин өзү дайындайт

0

Орусия Кыргызстанда 9 мектепти кайсы жерге кура тургандыгын Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы Уланбек Мамбетакунов депутаттарга айтып берди.

Министр Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында курулуш иштерине Орусиянын өкмөтү каражат берерин айткан. Мындан сырткары ал мектептерге Орусиянын агартуу министрлиги тарабынан орус жарандары жетекчи катары дайындалаары белгилүү болгон.

Ар бир мектептин курулушуна болжолдуу түрдө 450 миллион рубль жумшалмакчы. Мектептер 1200 орунга ылайыкташтырылып, Кыргызстандын бийлиги тарабынан үч гектар жер тилкеси бөлүнүп берилет.

Мамбетакунов мектептерди куруу үчүн талаптарга жооп берген жерлердин тизмесин жарыялады:

  1. Бишкек шаары (Сухэ-Батор көч.)
  2. Ош шаары
  3. Баткен шаары
  4. Ош облусу (Прогресс айылы)
  5. Жалал-Абад шаары
  6. Талас шаары
  7. Чүй району (Новопавловка айылы)
  8. Нарын району (Кеңеш айылы)
  9. Каракол шаары

Мектептерди үч жылдын ичинде салып бүтүү пландалууда. Бүгүн комитет бул курулуш боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимди талкуулап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз