Суббота, 11 мая

Күздө кызматка дайындалган министрдин орун басары кайра кызматтан алынды

0

Талантбек Бекташов Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, Талантбек Бекташов 2022-жылдын сентябрь айында Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин Юстиция министрлигинин жетекчисинин орун басары болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз