Жакынкы арада Украинадагы абал таптакыр өзгөрүшү мүмкүн

0

Алдыдагы эки-үч апта Украинадагы чатак үчүн чечүүчү учурлардан болот. Бул туурасында Европа кеңешинин төрагасы (президент) Шарль Мишелдин айтты.

Шарль Мишель «Жакынкы эки же үч жума чечүүчү мезгилдерден болот. 2023-жылы боло турган окуялар жакынкы жумаларга байланыштуу. Алар биздин келечегибизди аныктай турчу учурлар», — деди.

Европа кеңешинин башчысы Испаниянын El Mundo басылмасына берген маегинде Батыш мамлекеттери Украинага жардам көрсөтүшү керек деген пикирин билдирген.

Европа кеңеши — Европа биримдигинин мүчөлөрү болгон мамлекеттердин президенттеринен жана премьер-министрлеринен турган ЕБдин жогорку саясий органы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз