Газанын түндүгүндөгү кээ бир жерлерге Израилдин аскердик учактары тарабынан абадан кол салуу жасалды. Азырынча кол салууда канча киши каза болуп, канчасы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат жок.
Аскердик учактардын Хамаска таандык делген кээ бир жерлерди аткандыгы Израиль армиясынын социалдык медиадагы твиттер баракчасынан билдирилди.
Мындан эки күн мурда Газадан ыргытылган баллондордун Израиль талааларында өрткө себеп болгондугу тууралуу маалымат Израиль басма сөзүндө орун алган болчу.