Пятница, 22 ноября

Мирзиёев келет, жолдор жабылат

0

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун негизги көчөлөрүндө унаалардын өтүүсүнө эки күнгө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келерине байланыштуу кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында Бишкек жана Чүйдө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турут:

— Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейин;
— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

“Жогорудагы чектөөлөр киргизилген көчөлөргө автоунаа каражаттарын токтотпоону, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкпоону өтүнөбүз”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз