Суббота, 20 апреля

Эми чет өлкөнүн номери тагылган унаалардын айып пулун да интернеттен текшерсе болот

0

Эми Carcheck системасында чет өлкөнүн номери тагылган унааларга салынган айып пулдарды текшерүүгө болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.

Азырынча функция тесттик режимде ишке киргизилди. Башка жактын номери тагылган унаалардын айдоочулары «Коопсуз шаардын» алкагында айып салынганын көрө алышат.

Эми маал-маалы менен айып пулду текшерип туруу керек. Анткени система 4-5 айыпты гана көрсөткөнү менен «Коопсуз шаар» системасында андан башка да айып пулдар болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, айдоочу ИИМдин Мониторинг борборуна же Бишкек ШИИБине (Горький көчөсү, 20) кайрылып, жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтомун ала алат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз