Бүгүн Бишкектеги «Ош» базары иштебейт. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясы таратты.
Анда аталган базарда 31-январда өтө турган санитардык күн 26-январга жылдырылгандыгы белгиленген.
Мэрия мындай чечим Өзбекстандын президентинин сапарынан улам Бишкектеги айрым жолдордун жабылгандыгы менен байланыштуу кабыл алынгандыгын билдирди.
Муну менен катар Бишкекте түштөн кийин ( экинчи сменде) окуган бардык мектеп окуучулары 26-27-январда онлайн окутууга өттү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 28-январдан тарта окуучулар кадимки режимде окуй баштайт.