Суббота, 20 апреля

Талас районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

0

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Р.Айдаралиев айыл аймагына караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган.

Мындан улам 26-январда Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы-аким, ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын жетекчилик курамы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте Көпүрө-Базар айылында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, облустук ЖК кызматтарын тартуу чечимин кабыл алышты.

Кырдаалды жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Талас районунун аймагында райондук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин Жарандык коргонуу башчысы – аким Нургазы Нармырзаев жарыялады.

Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Э.Курманбаев жетектеген 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылган.

Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз