Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча 3-майда Талас областындагы Манас районундагы “Чоң-Капка” чек ара бекетинде мыйзамсыз түрдө 29 тонна дизель майын алып өтүүгө аракеттенген киши кармалды.
Чек арачылардын берген маалыматына караганда, Казакстандан келе жаткан “MAN” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкенде, унаадагы ташылып келе жаткан күйүүчү май документте көргөзүлгөн мунайзаттан башка болуп чыккан.
Мыйзамзыз жүк алып өтүүгө шектелип 1986-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалып, жүгү менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.