Өзбекстанда кылмыш кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык учуучу апараттарды алып келүү, сатуу, сатып алуу, сактоо жана колдонууга тыюу салынды. Бул мыйзамды бузгандар 3-жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бул кылмышты кайра жасаган киши 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Буга чейин мындай учуучу апараттарды алып келгендер же сатып алгандар же колдонуп жаткандар болсо, эгер өз ыктыялы менен учуучу апараттарын бардык жабдыктары менен тапшырышса жоопкерчиликке тартылбайт.
Өзбекстан учуучу дрондорго тыюу салган жалгыз өлкө эмес.