Вторник, 3 декабря

Юстиция министрлиги 114 номери аркылуу бекер кеңеш берет

0

Юстиция министрлигинде 114 тез байланыш номери иштеп жатат. Мекемеден маалымдагандай, бул номерге жарандар укуктук маселелер менен кайрылып, акысыз кеп-кеңеш алса болот.

Аталган кызмат 17-январдан тартып ишке кирген. Күнүнө жүзгө жакын адам түрдүү суроолор менен кайрылууда. Элге кеп-кеңеш берүү борборунун операторлору жооп берип, алгач кайрылган адамды электрондук тизмеге киргизет. Андан соң адис берилген суроого жараша тиешелүү кеңештерин айтат.

Министрликтин 114 байланыш номерине төмөнкү багыттарда кайрылса болот:

үй-бүлөлүк маселелер;

мүлккө байланышкан суроолор;

эмгектик укук мамилелери;

жерге байланыштуу соболдор;

социалдык колдоо;

жарандарга документ берүү жана башка маселелер.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз