Пятница, 3 мая

Коопсуздук кеңешинин катчысы АКШнын элчиси менен жолукту

0

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.

Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз