Пятница, 19 апреля

Кумтөр жетекчилиги депутаттык комиссияга алтындар каякта экенин айтты

0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксаатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

«Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө», — деп белгиледи ишкананын жетекчилиги.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз