Пятница, 3 мая

Азербайжанда Ирандын тыңчыларына каршы операция жасалды

0

Азербайжанда Ирандын тыңчыларга каршы операция жүргүзүлдү. Азербайжандын Ички иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, борбор шаар Баку менен аймактарда кээ бир мекеме жана иш орундарына операция жүргүзүлдү.

Бул мекемелердин арасында иранчыл берүүлөрү менен белгилүү болгон “SalamNews” маалымат агенттиги жана “Интераз” телеканалы бар. Операцияда жети киши камакка алынды.

Азербайжандын Тегеран элчилигине 27-январда болгон куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жаракат алган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол салууну террордук акт катары сыпаттаган.

Кол салуудан кийин Азербайжандын Тегерандагы элчилигинин иши токтотулуп, бардык кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү Бакуга кайтып барышкан.

Азербайжан өз жарандарын зарылчылык болбосо Иранга барбоону, баргандарга өтө этият болууну эскерткен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз