Түркия президентинин администрациясынын өкүлү кыргыз-түрк “Манас” университетинин Камкордук кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
Түркия президентинин администрациясынын коомчулук менен байланыш боюнча башкармалыгынын башчысы, профессор Фахреттин Алтун кыргыз-түрк “Манас” университетинин Камкордук кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
Түркия президентинин бул чечими Түркия өкмөтүнүн расмий басылмасы — Resmi Gazeteге жарыяланды.
Кыргыз-түрк “Манас” университети Борбор Азиядагы алдыңкы университеттердин бири.
Бул жогорку окуу жайынын кампусу Бишкекте жайгашкан.
Университетти курамында 8 адамдан турган Камкордук кеңеши башкарат. . Ар бир өлкө кеңештин төрттөн мүчөсүн дайындайт. Ал эми Камкордук кеңешинин жетекчиси туркиялык тараптан дайындалат.
Университет 1995-жылы 30-сентябрда Борбор Азиядагы боордош өлкөлөрдү, айрыкча Кыргызстандын өнүгүүсүн колдоо максатында ачылган жана Түркия менен Борбор Азиянын ортосундагы көпүрө болуп саналат.
Университетте 15 мамлекеттен, негизинен Кыргызстан, Түркия жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген студенттер билим алышат.
Учурда окуу жайда 9 факультет, 3 жогорку мектептер, орто кесипчилик мектеби, 7 изилдөө борборлору бар. Студенттердин саны -– 6065, алардын ичинде 464ү Түркиядан.
Окуу жайдын билим берүү программалары төмөндөгүдөй: Орто кесипчилик билим берүү – 10, Бакалавриат – 41, Магистратура – 27, Докторантура (PhD) – 12.