Воскресенье, 19 мая

Японияга жаштар керек болууда

0

Төрөттүн төмөндөшү жана улгайган калктын көбөйүшү менен Япония келечекте “чоң ата, чоң энелердин өлкөсү” болушу мүмкүн.

Чыгыш Азия өлкөсү Японияда  2022-жылы төрөлгөндөрдүн жылдык саны биринчи жолу 800 миңден төмөн болду. 2023-жылдын башынан тарта калкынын саны 124,77 миллион болгон  Япониянын калкынын 29 пайызы 65 жаштан жогоркулар жана 11,6 пайызы 0-14 жаштагылар.

Япония 65 жана андан жогорку жаштагылардын жалпы калктын катнашы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Андан кийин 24,1 пайыз менен Италия жана 23,3 пайыз менен Финляндия турат.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Японияда төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү менен «социалдык функцияларын жоготуу алдына»  келгендигин, бул жылы балдарды тарбиялоо саясатына көңүл бура тургандарын жарыялады.

Өлкөдө өкмөткө караштуу Балдар жана үй-бүлө агенттиги апрель айынан тарта иштей баштайт.

Кишида июнь айына чейин комплекстүү саясаттын бюджетин эки эсеге көбөйтүүнү пландай тургандарын билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз