Понедельник, 6 мая

Кыргызстан тажик учактарына аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди

0

Бүгүн, 3-февралда Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу агенттикке Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

““Сомон Эйр” авиакомпаниясы 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы боюнча, ошондой эле 5-февралда Дүйшөмбү-Новосибирск–Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууну суранды”, — деп айтылат маалыматта.

Каттамга Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары чыгары айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз