Вторник, 17 сентября

Түркиядагы жер титирөөнүн натыйжасында 284 киши каза болду (Фото, Видео)

0

Түркияда очогунда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркия жана Сириянын бир катар шаарларында имараттар кыйраган.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, саат 04:17де Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагында (Түркиянын түштүк-чыгышында 400 миңдей) күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 7 км тереңдикте болгон. Жер титирөө бир катар аймактарда – Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилди. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, бир нече жолу кайталанган. Акыркы маалыматтарга ылайык, 284 киши каза болуп 2323 киши жаракат алды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Муну менен катар Түркияда кыргызстандыктарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев болсо, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз