Пятница, 17 мая

Түркияда Гүлендин дагы 24 тарапкери камалды

0

Түркиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 3-майда 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетине катыштыгы барлар менен байланышта болгон деген айып менен 24 кишини камакка алды.

Anadolu  агенттигинин маалыматына ылайык, камакка алынган шектүүлөрдүн арасында өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн аскерлери да бар жана алар Анкара шаарынын  прокурорунун буйругу менен Гүлен уюмунун мүчөсү деген айып менен камакка алынды. Ошондой эле алар Гүлендин уюму төңкөрүш жасаган түнү пайдаланган ByLock программасын колдонгон деп айыпталууда.

Анкара динаятчы Фетхуллах Гүлендин уюмун террордук деп тааныган жана аны 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында турат деп күнөөлөп келет. АКШда жашаган Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду четке каккан. Ага карбай Түркия Гүленди экстрадициялоону АКШдан бир нече ирет талап кылган. Төңкөрүш учурунда 250дөй киши каза болуп, 2 миңден ашууну жаракат алган. Төңкөрүш басылгандан тартып азыркы учурга чейин 70 миңден ашык адам камакка алынып, 170 миңдей мамлекеттик кызматкер иштен айдалды. Түркияда камакка алуулар жана иштен айдоолор дагы деле уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз