Четверг, 2 мая

“Улуу Чамлыжа мечитинин” расмий ачылышы

0

6 жыл мурда курулушу башталган, 63 миң адам бир мезгилде намаз окууга боло турган Түркиянын эң чоң мечити “Улуу Чамлыжа мечити” расмий түрдө  3-май — жума намаз күнү ачылды.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда болгон мечиттин ачылыш аземи жума намазынан кийин болду. Ачылышка миңдеген кишилер өлкөнүн бүт булуң-бурчунан жана башка өлкөлөрдөнда  атайын келишти. Мечиттин ачылуу аземине карата эртең менен 9:30дан баштап “Улуу Чамлыжа мечитинин” имамдары тарабынан салаваттар окулуп, күн бою тынымсыз Куран окулду.

Бул мечит шаардын жаңы символу катары кабыл алынууда. Ал Селчуклу жана Осмон империяларынын архитектурасын жана бүгүнкү жаңы технологияны өзүндө камтып турат. Көркөмдүү бул жаңы мечит Стамбулдун бүт тарабынын көзгө көрүнөт.

Ошондой эле мечиттин комплексинин ичинде музей, көркөм өнөр галереясы, китепкана, жыйындар залы, көркөм өнө устаканасы жана авто унааларды токтотуучу жайды да өзүнө камтыйт. 34 метрлик диаметрге ээ болгон мечиттин куббеси Стамбулдун символу болуп эсептелинет.

Ыймандын  6  шартынын символу катары  6  мунаралуу курулган “Улуу Чамлыжа Мечитинин”  3 балкондуу 4 мунарасынын бийиктиги 107,1 метр, ал эми 2 балкондуу 2 мунарасы 90 метрлик бийиктикте курулду.

Мечиттин 72 метрдик бийиктиктеги негизги куббеси Стамбулда жашаган 72 улутту, ал эми 34 метрлик диаметрге ээ болуусу Стамбулдун өзүн символ кылып турат.

Мечиттин сыртынан негизги короосунун киришинде жайгашкан мрамор менен капталган кооз таажы эшик чоңдугу жана кооздугу менен көргөн көздү кубантат. Таажы эшиктин мечитинин короосуна караган тарабында Касас сүрөөсүнүн  77-аяты, ал эми мечиттин ичин караган тарабында болсо Ал-Имран сүрөөсүнүн 132-136-аяттары кооздолуп жазылган.

Мечиттин Куббулеринин ылдыйында дат баспаган болоттон нанотехнологиянын жардамында арапча жазуу менен “Эй муктаждыктарыбызды камсыздаган”, “Дуаларыбызды кабыл кылуучу”, “Үнүбүздү угуучу”,  “Дубабызды кабыл кыл” деген сөздөр жазылгын.

“Улуу Чамлыжа мечити “ 25миң метр квадраттык аянтка ээ болуп, ичине 63 миң кишини батыра алат. Ошондой эле мечитте бир убакта 8 өлүктүн жаназа намазын окуса болот.

Мечиттин карамагына 11 миң метр квадраттык аянтка ээ болгон музей, 3500 метр квадраттык аянтка ээ болгон көркөм өнөр галереясы,  3000 метр квадраттык китепкана, 1000 кишилик жыйындар залы, 8 көркөм өнөр устаканасы (ателье),  3500 авто унаа бата турган авто унаалар үчүн токтоочу жай кирет.

Мечит ошондой эле үн, жарык берүү, ысытуу, аба алмаштыруу, коопсуздук системаларында да өзгөчөлүктөрдү камтыйт.

Мечит туурасынан 5 метр, бийиктиги  6,5 метр, салмагы 6 тонна болгон негизги чоң эшиги дүйнөдөгү сыйынуучу жайлардын эшикте салыштырмалуу эң чоңу болуп эсептелинет.

“Улуу Чамлыжа мечитинин” дагы бир өзгөчөлүгү катары вааз берилүүчү орундардын чоң жана бийикте жайгашкандыгы, бийиктиги 21 метр болуп, муктаждык жаралганда лифт менен да чыкса болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз