Вторник, 14 мая

Былтыры банктар пенсионерлердин эсебинен 900 миң доллардан көп киреше тапкан

0

Былтыркы жылы пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтар үчүн мамлекеттик чыгашалар 83 млн 407 миң 954 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Анын 75 млн 803 миң сому коммерциялык банктар тарабынан пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, дагы 7 млн ​​604,9 миң сому «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалган.

Бул сумманын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен (81,9 млн сом), 1,6 млн сому жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз