Суббота, 4 мая

Кумтөрдүн калдыктарындагы алтындар да чыгарылат

0

Кумтөрдө 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти Алмаз Барыктабасов өлкө башчысы Садыр Жапаров өткөргөн кеңешмеде билдирди.

Жумушчу кеңешмеде “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат.

«2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда.

Муну менен калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз