Пятница, 3 мая

Түркияда жекшемби күнгө чейин аза күтүлөт

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркиядагы жер титирөөдөн улам 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын билдирди. Эрдоган улуттук аза күтүү жарыясын социалдык медиа эсебинде билдирүү менен жарыялады.

Эрдоган: «Өлкөбүздө 2023-жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялайбыз. Желегибиз 2023-жылдын 12-февраль жекшемби күнгө чейин бүт өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө жарым жартылай ылдый түшүрүлөт», — деди.

Эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондору болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн ушул убакытка чейин 3549 киши каза болуп, 22 миңден ашуун киши жараланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз