Пятница, 22 ноября

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда түнүн менен куткаруу иштерин улантышты (Видео)

0

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга келген Кыргызстандын куткаруучулары 9-февраль саат 4:50гө карата (жергиликтүү убакыт боюнча) урандылардын астынан 19 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Учуруда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адам, жабыркагандардын саны 52 миң 979 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз