Понедельник, 6 мая

Афганистанда сууктан өлгөндөрдүн саны өсүүдө

0

Афганистанда акыркы бир айдан бери таасири астына алган ыңгайсыз аба шарттарынан улам каза болгондордун саны 176га жетти. Акыркы жылдардын эң катуу кышын өткөрүп жаткан Афганистанда абанын температурасы  айрым аймактарда түнү -30 градус, борбор шаар Кабулда болсо  -10   градуска жетүүдө.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Жаратылыш кырсыктары боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Шафиулла Рахими өлкө боюнча катуу сууктан улам 176 адамдын каза болгондугун билдирди.

Азыркы тапта өзгөчө Афганистандын түндүгүндөгү Гиндукуш тоолорунда жайгашкан Бадахшан провинциясында жетишиле албаган көптөгөн жерлердин бар экенин белгилеген Рахими гуманитардык жардамдар боюнча кемчиликтердин бар экенин айтты. Рахими эл аралык коомчулукту кыштын катаал шарттарынан жапа чеккен афган элине жардам берүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча,  өлкөнүн калкынын дээрлик үчтөн экисин түзгөн 28 миллион адам чукул жардамга муктаж.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз