Четверг, 9 мая

Ачарчылык болобу? Эл аралык уюмдар коңгуроо кагууда

0

Эл аралык мекемелер глобалдык азык-түлүк жана тамактануу кризисине карата «шашылыш чара көрүүгө» чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык — түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Эл аралык валюта фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (ВТО) биргелешкен билдирүү жасап, бул маселени чечүү үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Жакырдык жана азык-түлүк коопсуздугунун ондогон жылдык өнүгүү жетишкендиктерине карабастан глобалдык деңгээлде өскөндүгү баса белгиленген билдирүүдө, жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашы, климаттын өзгөрүшү, Ковид-19 пандемиясы, пайыздык чендердин көтөрүлүшү аркылуу каржылык катаалдаштыруу жана  Россия-Украина согушунун глобалдык азык-түлүк системасына сокку урганы айтылды.

Билдирүүдө ондогон өлкөлөрдө инфляциянын өскөнү, азык-түлүк инфляциясынын дүйнө жүзү боюнча жогору бойдон калганы белгиленди.

Дүйнөлүк азык-түлүк  программасынын билдиргенине караганда 79 өлкөдө 349 миллион адамдын азык-түлүк коопсуздугун жашап жаткандыгы жана жетишсиз тамактануунун көбөйгөндүгү билдирилип,  глобалдык азык-түлүк менен камсыздоонун 3 жылдын эң төмөнкү деңгээлине түшөрү болжолдолуусу менен бул абалдын дагы да начарлашынын күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз