Пятница, 17 мая

Бразилия соту Гүлендин тарапкерин суракка алды

0

FETÖнун мүчөсү  Али Сипахи Бразилиянын  Федералдык  соту тарабынан суракка алынды.

Бразилиянын Федералдык  сотунда FETÖ террордук уюмунун мүчөсү Али Сипахини суракка алышты. Али Сипахини Түркия экстрадиция кылууну суранууда жана ал 5-апрелден тартып камакка алынган. Сипахинин актоочулары аны камактан чыгарууну өтүнгөн. Ага жооп иретинде федералдык сот  Фернандо Гуадрос бул маселе боюнча чечим Жогорку соттун судьясы Эдсон Фачин тарабынан кабыл алынарын айтып жооп берди. Кийинки сот отуруму тууралуу маалымат берилген жок.

Сипахини кармоо чечими Бразилиянын Федералдык жогорку соту тарабынан 19-мартта кабыл алынган. Аны кармоо операциясы Фетхуллах Гүлендин кыймылынын тарапкери АКШдан учуп келгенде Сан-Паулунун Гуарульюс эл аралык аэропортунда жүргүзүлгөн. Бразилиянын юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Али Сипахи өлкө аймагында 2007-жылдан тартып жашап келатат, ал эми 2016-жылдын 13-октябрында Бразилиянын жарандыгын алган.

Гүлендин кыймылынан турган Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери 2016-жылдын 15нен 16-июлуна караган түнү өлкөдө бийликти аскердик төңкөрүш жолу менен басып алуу аракетин көргөн. Хунтанын аракети өлкө жетекчилиги жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле карапайым жарандардын кескин каршылыгынан улам ишке ашпай калган. Анда 251 адам каза болгон.

Террордук агымдын башчысы АКШда баш калкалоодо. Анкара аны экстрадициялоону талап кылып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз