Понедельник, 6 мая

Президент Садыр Жапаров Будапешт шаарына барды

0

Президент Садыр Жапаров 12-февралда расмий иш сапар менен Венгриянын Будапешт шаарына барды. 

Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. 

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти  Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды. 

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз