Понедельник, 6 мая

Кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу Түркияга кетти (ФОТО)

0

Кечээ, 12-февралда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн каруучуларды узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

“Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Куткаруучуларды узатып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз