Суббота, 11 мая

Жер титирөөдөн Түркия 84 млрд доллар чыгым тартты

0

Түркиядагы жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84 млрд АКШ долларына бааланууда. Бул тууралуу Bloomberg Түркиянын Ишкерлер жана бизнес конфедерациясына шилтеме берүү менен жазды.

Уюмдун маалыматына караганда, анын ичинен кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү 70,8 млрд долларга жана улуттук кирешени жоготуу 10,4 млрд долларды түзүүдө. Бул суммалар ИДПнын болжол менен 10%ын түзөт. Эмгек жоготуулары Түркиянын экономикасына 2,9 млрд доллар зыян келтирет.

Отчетко ылайык, Түркиянын инфраструктурасына, анын ичинде жолдорго жана электр тармактарына, ошондой эле ооруканалар менен мектептерге келтирилген зыян өлкөнүн быйылкы бюджетинин 5,4%дан ашуун таңсыктыгына алып келиши мүмкүн, ал эми расмий болжолдор 3,5%ды түзүүдө.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган өкмөт кыйраган үйлөрдүн курулушун бир жылдын ичинде бүтүрөрүн, кырсыктын кесепеттерин жоюуга алгач 100 млрд лира (5,3 млрд доллар) бөлүнгөнүн билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз