Воскресенье, 28 апреля

ИИМ оң рулдуу таксилерге тыюу салуу үчүн чындап киришти

0

Ички иштер министрлиги жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдаланууга тыюу салып жатат. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалым болгондой, долбоор “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын кырсыктарын болтурбоо максатында иштелип чыккан.

Министрлик ошондой эле, ылдамдыкты чектөөчү түзүлүш (ЫЧТ) – башкаруу блогунан жана атайын аткаруучу механизмден турган электрондук жабдууну милдетүү түрдө орнотууну талабын киргизүүдө.

Анын максаты унаанын максималдуу ылдамдыгын саатына 60 же 90 чакырымга чейин автоматтык түрдө чектөө болуп саналат.

2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген унааларынын катышуусу менен 299 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 28 адам каза болуп, 734 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз