Суббота, 4 мая

Сот Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берди

0

Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. Соттун чечими социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяланды.

Чечимде анын чет жакта дарыланышы керектиги жана ага уруксат берилгени жазылган.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун соттук коллегиясы адвокаттардын А.Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошентип, криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 айга эркинен ажыратылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз