Вторник, 7 мая

ЖККУнун аскердик машыгуусу Кыргызстанда өтөт

0

Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюмунун «Бузулбас боордоштук» машыгуусунун Арменияда болору пландалган, бирок эми Кыргызстанда өтө турган болду. Бул туурасында ЖККУнун бирдиктүү штабынан кабарлашты.

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 2023-жылдагы эл аралык аскер кызматташтыктын алкагында РФтин Куралдуу күчтөрү менен башка мамлекеттердин улуттук армияларынын кургактагы жоокерлеринин машыгуусу өтөрүн билдирген. Андан улам Арменияда ЖКККУнун тынчтык орнотуучулар контингентинин «Бузулбас боордоштук» деп аталган окуусу өтөрү пландалган.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян маалымат жыйында Армениянын аймагында быйыл ЖКККУнун машыгууларын өткөрүү максатка туура келбей тургандыгын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз